• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Аймак 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылдын башталышы менен Нарын шаарындагы №9 А.Садыков атындагы мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда. Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоор боюнча эки кабаттуу “А” жана “Б” окуу корпустары, спорттук зал, өтмө галерея, актовый зал, ашкана, откана, сырткы ажаткана, сырткы оюн аянтчасы менен салуу каралган.

Учурда имараттын ички жана сырткы курулуш иштери аткарылууда. Алдыда мектептин айланасын көрктөндүрүү, жылытуу системасын толук бүткөрүү жумуштары калды.

Пикир

Оставить комментарий