Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Нарын шаарында 520 метрлик веложол курулду.
Нарын шаардык мэриясынан билдиришкендей, учурда веложолдун жыйынтыктоочу иштери аткарылууда. Веложол жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
Веложолдун курулушуна жалпы 5 млн сом каражат жумшалды, ал толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Бул долбоор шаар тургундарынын спортко, сергек жашоого жана экологиялык таза транспортту колдонууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында ишке ашырылды.
Ошондой эле шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган стратегиялык кадамдардын бири болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий