• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нарын шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунда төрөлгөн 3 эмдин үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.

Үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.

24 жаштагы Алтынай Майрамбекованын жана анын ымыркайларынын абалы учурда туруктуу экени айтылып, Ташиев аларга бардык керектүү шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле, наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй- бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.

Өз кезегинде 3 эмдин ата-энеси президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий