• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Базар-Коргон районунун Аук айылында жаңы кичи футбол аянтчасы курулду

Аймак 0

Бишкек, 12.12.23./Кабар/. Күн мурун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Аук айылында жаңы кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

“Абык-Ата” спорттук аянтчасынын курулушуна жалпы 4 млн 917 миң сомдон ашуун каражат жумшалган. Анын 1 млн 817 миң сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан каржыланган. Калган сумма жергиликтүү бюджеттен, элдик салым жана демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн.

Облус башчысы айылдагы кичи футбол аянтчасы өсүп келе жаткан жаш муундардын ден соолугун чыңдоо, спорт менен алектенүүгө, тургундарды сергек жашоого үндөөгө салымы чоң болооруна токтолду. Ага катар облус аймагында тургундардын жашоо шартын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иш аракеттерди белгиледи.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун Аук айылында 3 миң 800 калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий