• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Баткен шаарында коомдук транспорттор текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Баткен-Бишкек жана Баткен-Ош багыттары боюнча алыскы аймактарга каттаган коомдук транспорттор текшерилип, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда айдоочуларга жол эрежелерин сактоо, ылдамдыкты ашырбоо, карама-каршы тилкеге чыкпоо керектиги эскертилди. Ошондой эле аларга каттамдан келген учурда сөзсүз эс алуу керектиги айтылып, адам өмүрү баарынан кымбаттыгы белгиленди.

Андан сырткары, жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын жана таксилердин материалдык-техникалык жабдыктарынын оң абалда болуусун, мыйзамга каршы келген тапчан, багаж өңдүү кошумча жабдыктардын жабдылуусуна жол берилбөөсүн, ошону менен бирге, салондогу тазалык, санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы тууралуу эскертти.

Пикир

Оставить комментарий