• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жайыл районунда эки унаа кагышып, айдоочунун бири каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Жайыл районундагы Кара-Балта – Степное трассасында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынын ЖККББсынан билдиришти.

Жол кырсыгы күн мурун болжол менен саат 12:30да катталган. Анда Toyota Carina карама-каршы тилкеде келе жаткан Mercedes-Benz менен кагышкан. Жыйынтыгында биринчи автоунаанын айдоочусу жеринде каза болгон, үч жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий