• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде таңкы саат 04:28де Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология инситутунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Шоро-Башат, Таштак айылдарында - 4 баллга Жыланды, Красный Маяк, Чеке-Дөбө, Калта айылдарында - 3,5 баллга, Шералы, Кароол, Бакмал, Ничке-Сай, Кыргызстан, Жийде, Чангет, Маркай, Таш-Булак, Багыш, Ладан-Кар, Сузак, Жар-Кыштак, Бек-Абад, Благовещенка айылдарында жана Өзгөн шаарында - 3 баллга, Мырза-Аке, Бостон айылдарында жана Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында - 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий