• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Нарын шаарында "Куттуу эл" улуттук форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Нарыным алтын бешигим" аталашында "Куттуу эл" улуттук форуму өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Нарын жергесинде өткөрүлгөн бул иш-чарага мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жана Нарын облусунун коомчулугу катышты.

Форумдун алкагында улуттук баалуулуктарды даңазалоодон сырткары, "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө Теңир Тоодон чыккан улуу инсандардын кошкон салымы" жана "Азыркы учурдагы мамлекеттик идеология" темаларында баяндамалар окулуп, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, өнөр адамдарынын таланттары тартууланды.


Бул иш-чара КР президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө", "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө", "Улуттук нарк жөнүндө" жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2022-жылдан бери облустарда "Куттуу эл" улуттук форуму мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен өткөрүлүп келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий