• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес-форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Нарын шаарында кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бизнес-форумга эки облустун жетекчилери жана ишкерлери катышып, Нарын облусу менен Фергана облусунун мындан аркы кызматташуу кадамдарын негиздей турган Жол картасы бекитилди. Ошондой эле “Нарын” эркин экономикалык аймагы менен “Коканд” эркин экономикалык аймагы, Нарын мамлекеттик университети менен Фергана мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу Меморандумдарына кол коюлду.

Мындан сырткары, ишкерлер өз ара тажрыйбалары менен бөлүшүп, эки тараптуу байланышты бекемдөө тууралуу пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий