• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында эки күн туристтик көргөзмө-жарманке өтөт

Аймак 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. 26-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган туризмди өнүктүрүү тарыхында алгачкы жолу эл аралык деңгээлде “Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021” аттуу биринчи ири аймактык туристтик форуму жана “Кыргызстан Улуу Жибек жолунун бутактарында” аттуу биринчи ири туристтик көргөзмө-жарманкеси болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти, Ош шаарынын мэриясы, эл аралык жана ата мекендик өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштулду.

Расмий бөлүккө КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, КРнын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, чет элден келген дипломаттар, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, туристтер жана өлкө боюнча чогулган жеке ишкерлер катышты.

Борбордук аянтта уюштурулган туристтик көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүштү.

Көргөзмө-жарманке этно-музыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордон атайын маданий концерттик программалары менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий