• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Айбек Артыкбаев Ош шаарындагы туристтик форумдун ачылышына катышты

Аймак 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев “Биргелешкен аракеттер менен туризмди жаңы шарттарда өнүктүрүү. Кыргызстан 2021” аттуу Ош шаарында I чоң аймактык туристтик форум-көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрда Ош шаарында чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчыларынын жана өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк коноктордун катышуусунда “Биргелешкен аракеттер менен туризмди жаңы шарттарда өнүктүрүү. Кыргызстан 2021” I чоң регионалдык туристтик форум-көргөзмөсү өттү.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен бирге тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

А.Артыкбаев өз сөзүндө иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан Эл аралык туризм күнү менен куттуктап, өлкөнүн туристтик потенциалын популяризациялоо үчүн министрликтин аракеттери тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстанда экотуризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду. Аймактык туризмди өнүктүрүү үчүн өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана тиешелүү долбоорлорду алга жылдырууга өзгөчө басым жасалды. Тоо экосистемасына терс таасирин тийгизген климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык проблемалардын контекстинде А.Артыкбаев чет элдик өнөктөштөрдү жана эл аралык уюмдарды биргелешкен аракеттерге чакырды.

Түштөн кийин министрдин орун басары А.Артыкбаев дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк коноктор жана башка катышуучулар менен бирге Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти тарабынан уюштурулган туристтик форум-көргөзмөгө катышты. Форумдун максаты - жаңы шарттарда туризм чөйрөсүндө аймактык кызматташтыкты түзүү жана кризистен чыгуунун жолдорун табуу.

Пикир

Оставить комментарий