Нарын шаарында мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда, Нарын шаарында мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.

Нарын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Нарын облустук М.Рыскуов атындагы драма театрында уюштурулган иш-чарага шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жарым-жартылай жетим балдар жана аз камсыз үй-бүлөдөгү эң жакшы окуган окуучулар чакырылды.

Балдарды Нарын шаарынын мэри Жаныш Курбанов, вице мэр Н. Жумкадыровна, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев жана депутаттар куттукташты.

Иш-чара М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган “Щелкунчик” аттуу жаңы жылдык жомок, оюн-зоок программасы жана бөбөктөрдүн жаттап келген ырларын айтып берүүсү менен коштолду.

Мэриянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, бөбөктөргө арналган балаты майрамына жергиликтүү бюджеттен 118 миң 500 сом бөлүнүп, 150 балага белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий