• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын шаарында жазгы жашылдандыруунун алкагында 45 миң метр ички арык тазаланат

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Нарын шаарында жазгы жашылдандыруу иштеринин алкагында жалпы 45 миң метр ички арык кезектеги тазалоодон өтүп, 230 метр жерге бетон латоктор жаткырылат.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, муну менен мурдагы жана учурда отургузулуп жаткан бак-дарактардын көчөттөрүн сугат суу менен камсыздоо жакшырат.

"Бүгүнкү тигилген көчөттөрдүн бардыгы сугарылып жатат, камкордукка алынган. Суу жетпеген көчөттөр атайын техниканын жардамы менен 3 күн сайын сугарылса, ички арыктарга сугат суу убак-убагы менен коё берилүүдө", - деп айтылат мэриянын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий