• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Түптүн Миң-Булак айылында мектептин жаңы имараты курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Миң-Булак айылында И.Касмалиев атындагы мектептин жаңы имараты курула баштады.

Парламенттен билдиришкендей, мектептин курулушуна капсула салуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Белгиленгендей, 150 орундуу жаңы мектеп депутат Акылбек Түмөнбаевдин демилгеси жана “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен курулууда.

Мектеп имараты спорт залы менен заманбап типте курулуп, кийинки жылы колдонууга берилери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Миң-Булак айылындагы эски мектеп 1986-жылы бала-бакчага ылайыкталып курулган имаратта жайгашкан.

Эл өкүлү ошондой эле Түптүн Ичке-Суу айылындагы З.Батырбаева атындагы №27 орто мектепке барып, жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Акылбек Түмөнбаев иштин дээрлик 95%ы бүтүп, жакынкы күндөрү колдонууга берилүү алдында турганына күбө болду.

150 орундуу мектептин курулушу 63 млн сомго мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 2015-жылы башталган.

Пикир

Оставить комментарий