• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЖК комитети энергетикалык суусундуктарды ташып келүү жана өндүрүүгө тыюу салууну I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандын аймагына энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорлорун карап, биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов тарабынан демилгеленген.

Демилгенин автору белгилегендей, мыйзам долбоорлору КР жарандарынын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.

«Энергетикалык суусундуктар – бул адамга энергия берип, анын физикалык же психикалык ишмердүүлүгүн жогорулатууга арналган суусундуктар. Алар нерв системасынын күчүнүн убактылуу көтөрүлүшүн жана толкундануусун жаратат. Энергиялык суусундуктар кыянаттык менен пайдаланганда өтө кооптуу болушу мүмкүн. Кофеиндин оор дозалары жүрөктүн олуттуу көйгөйлөрүнө алып келет жана анын көмүр кычкыл газы жана кант менен айкалышы ашказан жана боор үчүн коркунучтуу. Ал тургай, энергияны сейрек колдонуу аритмияга жана башка көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Өзгөчө бул жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен ооруган адамдар үчүн тиешелүү болуп саналат», - деди Бакасов.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорун колдоп, бул демилге калктын, өзгөчө жаш муундун ден соолугун коргоого багытталганын баса белгилешти.

Депутат Айбек Маткеримов энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугу боюнча улуттук изилдөөлөр жүргүзүлгөнбү деген суроону узатты. Буга саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева бул багытта эч кандай изилдөөлөр жүргүзүлбөгөнүн, расмий статистика жок экенин маалымдап, ошол эле учурда министр аталган суусундуктардын терс таасири тууралуу илимий далилдер бар экенин кошумчалады.

Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева анын медициналык практикасында энергетикалык суусундуктарды ичкенден кийин жүрөк оорулары менен кайрылуулар көп кездешкенин белгиледи. Муну менен катар, эл өкүлү энергетикалык ичимдиктерди ташып келүү тартиби боюнча маселелерди тактады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 2014-жылы кабыл алынган техникалык регламентке ылайык, энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө тыюу салууга жол берилерин билдирип, бирок тыюу салуу мөөнөтү 6 айдан ашпаш керек деди.

Жыйынтыгында сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий