• 87
  • 90.58
  • 0.83

Нарын шаарында жылуулук үзгүлтүксүз берилүүдɵ

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. "Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси" филиалынын карамагындагы бардык отканалар штаттык режимде иштеп жатат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ишканадан 2719 кардарларга үзгүлтүксүз жылуулук берилүүдɵ.

Эскерте кетсек, Нарын ишканасынын "Ипподром" жана "Борбордук" отканаларына отказандарды сатып алуу пландалып, Россия Ижевск шаарындагы заводдон ТШП-2500К маркасындагы 4 даана отказандары сатылып алынган. Бүгүнкү күндɵ ал отказандар үзгүлтүксүз иштɵɵдɵ.

Белгиленгендей, келерки 2024-2025 күз-кыш мезгилине карата "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын филиалы "Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы" тарабынан Нарын филиалына "ВОССТ-М" маркасындагы отказандарын алуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий