• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүй облусуна он тоннадан ашык эспарцет үрөнү берилди

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Чүй облусуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн 10 тоннадан ашык эспарцет үрөнү берилди. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бул уруктар Россиядан сатып келинип, асылдуулугу төмөн миң гектардан ашык аянтка себүү пландалууда.

Азыркы учурда жайыттарды интенсивдүү пайдалануудан улам экология жабыркоодо, ал эми көп жайыттар мал жандыктарынын өсүмдүк катмарын тебелеп кетишинен улам деградацияга учуроодо.

Эспарцеттин "велес" сортундагы үрөндөрү жайыт комитеттерине кеч күзгө белгиленген себүү иштери башталганга чейин сактоо үчүн берилет.

Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Эшимбетов эспарцет топурактын азот менен байытылышына өбөлгө түзүүчү өсүмдүктөр менен бирге себиле турганын, бул жайыттардын түшүмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда 800 миң гектардан ашык жайыт бар, алар региондун мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Азыркы учурда 300 миң гектар жайыт эки жыл аралыгында кыртышын калыбына келтирүү үчүн пайдаланылбай турат.

Жогорудагы үрөндөр Жайыл жана Панфилов райондорунда сыноодон өткөрүлүп, өнүү деңгээли Кыргызстан үчүн жогору болгон 81 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий