• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Нарын шаарындагы борбордук көчөнү кеңейтүү иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Нарын шаарында “Нарын-реновация” долбоорунун алкагында борбордук В.И.Ленин көчөсүн кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов тарабынан демилгеленген. Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 727 млн сом бөлүнүп, алгачкы жумуштары башталды.

Долбоордун алкагында Нарын шаарынын борбордук көчөсүнүн 9,5 чакырымы туурасы 15 метрге чейин кеңейтилип, асфальттоо, тротуар салуу, арык системасын жакшыртуу, бак-дарактарды жаңыртуу, жарыктандыруу жумуштары жасалат. Мындан сырткары, турак-жайлардын фасаддары жаңыртылып, бирдей түскө келтирилет.

Быйыл ошондой эле Ж.Шералиев, С.Орозбаков көчөлөрүндө дагы капиталдык ремонт иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, облус жетекчиси демилгелеп, ишке ашырып жаткан “Нарын-реновация” долбоору 9 компоненттен турат:

  • Нарын шаарынын РТС аймагына ипотекалык үй куруу;
  • Нарын шаарына жаңы автобекет куруу;
  • Эски автобекеттин ордуна балдардын эс алуу борборун уюштуруу;
  • Панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюу;
  • Нарын дарыясына “Айнек көпүрө” орнотуу;
  • Инновациялык креативдүү демилгелер борборун (ЦИКИ) куруу менен маданият мекемелерин заманбап имаратка жайгаштыруу;
  • “Тенир Тоо сити” турак-жай комплексин куруу;
  • Нарын шаарынын борбордук көчөсүн реконструкциялоо, фасаддарды оңдоо;
  • Жарандык коргоонун облустук штабын түзүү долбоорлору.

Белгиленгендей, учурда бул долбоорлордун бардыгынын үстүндө иштер алып барылууда.

Пикир

Оставить комментарий