• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарын шаарындагы коомдук жайларга акысыз интернет берилет

Аймак 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Нарын шаарындагы коомдук жайларга акысыз интернет берилет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын шаарын Wi-Fi шаарга айландыруу максатында “Смарт - Нарын - 24” долбоору ишке киргизилүүдө.

Бул долбоордун алкагында КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп Нарын шаарында коомдук жайларга акысыз интернет берилгени турат. Шаардагы 20 жеткиликтүү чекиттерде элге акысыз Wi-Fi түйүндөрү август айында таратылары мерчемделүүдө.

Аталган долбоорго Борбор Азия университетинин жана “Скай мобайл” компаниясы колдоо көрсөтүп жатат.

Бүгүн, 22-июлда “Смарт - Нарын - 24” долбоорун ишке ашыруу боюнча 4 тараптуу меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий