• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Нарын шаарынын кире беришиндеги арка реконструкцияланды

Аймак 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Нарын шаарынын кире беришиндеги арка реконструкцияланды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү.

Оңдоо учурунда арканын айланасы таш менен бекемделип, көркөмдөлүп, брусчатка төшөлүп, бузулган жерлери оңдолуп, жарыктандырылды.

Алдыда арканын айланасы тазаланып, түздөлүп, жакшыртылат.

Белгилей кетсек, арка Нарын районунун аймагына салынган, бирок жакында арка жайгашкан жер аянты Нарын шаарына өткөрүп берилди жана мындан ары шаардын карамагында болот.

Пикир

Оставить комментарий