Өзгөндөгү массалык уулануу. Үч баланын абалы оор

Аймак 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Өзгөндө ууланып калган үч баланын абалы оор деп бааланууда,-деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун Өзгөн облустук ооруканасына уулануу белгилери менен 14 адам түшкөн, алардын үчөөнүн абалы оор.

Билдирүүгө ылайык, алар 11-мартта ууланышкан. 12-мартта 9 адам дарыгерге кайрылса, калган бешөө 13-мартта келишкен. Ооруканага кайрылгандардын бардыгы үй шартында жасалган консервалык жашылча салатынан ууланышкан. Дарыгерлер аларга ботулизм диагнозун коюшкан.

“2018-жылдын 14-мартына карата тамактан уулангандардын саны 17 адам, алардын алтоо балдар. Санавиациянын линиясы боюнча 5 бала 13-мартта Ош шаардык клиникалык ооруканасына жөнөтүлгөн. Үч баланын абалы оор деп бааланууда, дагы үчөөнүн абалы орточо туруктуу делип, жугуштуу оорулар бөлүмүндө”,-деп кабарлашты ССМдан.

Маалыматка караганда, Өзгөн аймактык ооруканасында жабыркаган 12 адам жатат, алардын бирөө реанимация бөлүмүндө, абалы оор бойдон калууда. Калган бейтаптардын абалы туруктуу, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий