• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто жөө жүргүнчүлөр арасында рейд жүрүп, 10 адамга айып пул салынды

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмү жана милициянын кайгуул кызматы тарабынан жүргүнчүлөр арасындагы жолдо жүрүүнүн эрежесин сактоого багытталган профилактикалык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын негизги максаты жөө жүргүнчүлөрдүн арасындагы жол кырсыктарынын алдын алуу, жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоонун зарылдыгын түшүндүрүү. Бир күндүк иш-чаранын жүрүшүндө аймактык тескөөчүлөр жана милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери миӊге чукул адамдар менен маектешүүлөрдү жүргүзүп, жеке коопсуздугу үчүн жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертишти.

Маалым болгондой, Ош шаарында катталган жол кырсыгынын көпчүлүгүнүн себепкерлери жөө жүргүнчүлөр болуп эсептелинет. Көбүнчө жөө жүргүнчүлөр атайын өтмөктөрдөн өтүшпөй, жол чырактарынын жарыгына маани беришпей, жүгүрүп өтүшөт. Тратуар аркылуу эмес, жол четинен басышып, аялдамалардан сырткары жолго чыгып алышат. Рейд учурунда ушундай көрүнүштөр аныкталып, жөө жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айрым одоно түрдө жол эрежесин бузган 10 жаранга КР Укук бузуулар кодексинин 190- беренесине ылайык, ар бирине 1000 сом өлчөмүндөгү айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий