Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Нарын суусунун жээгинен ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, 18-апрелде болжол менен саат 13:20да жергиликтүү тургун Нарын шаарынын базар аймагындагы Нарын суусунун жээгинде ымыркайдын түйүлдүгү жаткандыгы тууралуу кабар берген.
Билдирүү Нарын ШИИБсы тарабынан каттоого алынган, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий