• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилине дярдануу алкагында жана андан ийгиликтүү өтүү максатында Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын адистери тарабынан 2020-жылдын 7 айынын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:
- 10 көмөк чордондо капиталдык оңдоо;
- 13 көмөк чордондо жана 674 км узундуктагы 110 кВ жогорку чыңалуудагы чубалгыларда учурдук оңдоо.

Күз-кыш мезгили башталганга чейин дагы 2 көмөк чордондун оңдоо иштерин бүткөрүү жана 23 км узундуктагы 110 кВ “Кочкор-Чолпон” АЧнын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

«Күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн пландык оңдоо иштери маанилүү болуп саналат. Нарын облусунда суук аба-ырайы башка облустарга караганда эрте башталгандыгына байланыштуу жумушту мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап, дем алышсыз иштеп жатабыз. Ошондой эле, санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, кызматкерлерге бет кап, кол кап, антисептиктер берилип, жумуш орундары мезгил-мезгили менен дезинфекциялоочу заттар менен тазаланат”, - деп белгилей кетти ишкананын башкы инженери Бакыт Жолдошбеков.

Учурда оңдоо иштери менен катар эски жабдууларды жаңыларына алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. 2017-2021-жылдарга бекитилген планга ылайык фарфор обочолоткучтарын айнек обочолоткучтарга алмаштыруу боюнча быйыл 7426 фарфор обочолоткучтарын жаңы айнек обочолоткучтарга алмаштыруу пландаштырылууда. 2020-жылдын 7 айынын ичинде 5124 изолятор алмаштырылды. “Миң-Куш”, “Кара-Кече”, “Дөөлөт-Арык”, “Кара-Кужур”, “Жетиген”, “Ак-Кыя”, “Ала-Буга” көмөк чордондору ЭКЭАМӨТкө (АСКУЭ) туташтырылып, электр энергиясын керектөөнү эсепке алуу процессин автоматташтыруу үчүн эсептегичтер орнотулган. Мындан тышкары, Нарын облусундагы көмөк чордондордо 21 жаңы аша чыңалууну чектегичтер орнотулду.

Энергетикалык объекттерди сел жана суу ташкындарынан коргоо боюнча иштер жүргүзүлдү. “Ала-Тоо-Торугарт”, “Чолпон-Чаек”, “Кара-Кужур-Арча” 110 кВ электр берүү чубалгыларынын айрым участоктору саздуу жерлерден өткөн. Жыл сайын бул участоктордо коргоо жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө чоң чыгымдар сарпталат, тирөөчтөр түздөлүп, трассалар жылдырылат.

Маалымат үчүн: Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы болуп саналып, жалпы кубаттуулугу 525 MВA болгон 17 көмөк чордонду жана узундугу 1278,44 км болгон жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларын тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий