• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

АКШ Өзбекстанга өпкөнү жасалма дем алдыруучу 200 аппарат берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. АКШ Өзбекстанга өпкөнү жасалма дем алдыруучу 200 аппарат берди. Алардын жалпы наркы 2,5 млн доллар турат. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчилиги билдирди.

Расмий маалыматта быйыл июнь айында Дональд Трамптын администрациясы гуманитардык жардам берүүнү жарыялаганы, аппараттар дал ошол убаданын алкагында жөнөтүлгөнү белгиленген.

Америкалык Zoll Medical Corporation компаниясы аппараттарды Өзбекстан ооруканаларынын техникалык инфраструктураларын эске алуу менен чыгарган.

Өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу аппараттар Өзбекстандын бардык аймактарына, тактап айтканда 62 ооруканга таратылат.

Пикир

Оставить комментарий