• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Нарында 6-класстагы окуучу кыз өз жанын кыйды

Аймак 0

Бишкек, 08.03.18. /Кабар/. Нарын шаарындагы мектептин биринде билим алган алтынчы класстын окуучусу асма көпүрөдөн дарыяга боюн таштаган. Окуя 5-мартта болгон. Кыздын жакындары анын сөөгүн бир күн өткөндөн кийин табышкан.

Жергиликтү билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Мамбетов “Азаттыка” билдиргендей, окуяга үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болгон.

Маркум кыздын ата-энеси "мектепке эч кандай дообуз жок" деген билдирме жазып беришкен. Өткөн айда Ат-Башы районунда 6-класстын окуучусу ата-энесине таарынып, өз өмүрүнө кол салган. Аны жакындары өз үйүнүн сарайында асылып турган жеринен табышкан.

Пикир

Оставить комментарий