• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында жаштар күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Күн мурун Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата Ош шаарындагы бир топ жаштар менен иш алып барган долбоорлордун жетекчилери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Андан сырткары, Жаштар парламенти V бир жылдык окуу долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, бүтүрүүчүлөргө сертификаттар ыйгарылды. Ошондой эле, Жаштар парламентинин жаңы мүчөлөрү VI долбоорго кабыл алынды.

Салтанаттуу иш-чара Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий