• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Аксынын Кара-Жыгач айылындагы мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында Асанбек Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мектептин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мектеп жамааты, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн төрага аталган мектептин эски имаратында балалык чагы өткөнүн, кийин окуучуларга мектеп катары берилгенин эске салып: “Эми кайрадан жаңы мектептин ачылып жатышы, айыл эли үчүн чоң жаңылык. Мындай саамалык өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылууда. Быйыл эле 100 мектептин курулушу жүргүзүлүп, айрымдары колдонууга берилүүдө. Бул албетте чек эмес. Өлкө жетекчилеринин туура жүргүзгөн саясатынын аркасында дагы далай жакшы иштер жасалат. Мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык мекемелер курулуп, калктын жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлор улантылат”, – деп белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Нурланбек Шакиев 100 окуучуга ылайыкталган аталган жаңы окуу имаратынын курулушу менен таанышып, ишти тездетүү талабын койгон. Имараттын курулушуна 93 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий