• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкектин түштүк-батышында 11-13-сентябрь күндөрү жаратылыш газы болбойт

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. 11нен 13-сентябрга чейинки аралыкта Бишкектин түштүк-батышында, тактап айтканда, Жаманбаев, Токтоналиев, Шакиров жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаздын" басма сөз кызматынан билдиришти.

Компаниядан маалымдашкандай, бул күндөрү газды жөнгө салуу пунктун (ШГРП № 11) алмаштыруу боюнча пландык-оңдоо иштери жүргүзүлөт. Иштер жылытуу мезгилине даярдоо максатында жүргүзүлөт. Негизги максат – газ бөлүштүрүүчү тармактарды алдыдагы күз-кыш мезгилинде коопсуз жана туруктуу эксплуатациялоого даярдоо.

"Бишкекгаз" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий