• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында жогорку чыңалуудагы 7 көмөкчордон жаңыланат

Коом 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКнын Нарындагы филиалы тарабынан облустун электр тармагынын жакшыртуу иштерин пландаштырган. Ага ылайык, быйыл Нарын облусундагы жети жогорку чыңалуудагы көмөкчордонунда эскирген жабдыктар жаңыга алмаштырылат. Алар - «Кочкор», «Ак-Кыя», Нарын-1», «Миң-Куш», «Ала-Буга», «Чолпон», «Жетиген» көмөк чордондору.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылдын беш ай аралыгында “Кыргызстан Улуттук электр тармагынын” Нарындагы филиалы 2017-2018-жылдардын күз, кыш мезгилдерине карата электр жабдыктарын оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча алдына койгон бардык пландарды аткарган.

5 көмөкчордон капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү: 110/6/10 «Ала-Буга», 110/35/10 «Нарын-1», 110/35/10 «Жаңы- Талап», 110/35/10 «Ала-Тоо», 110/35/10 «Жетиген» жана 82,04 км ВЛ 110 кВ.

Учурда 7 көмөк чордондо оңдоп түзөө жүрүп жатат: 110/6/10 «Ала-Буга», 110/35/10 «Нарын-1», 110/35/10 «Жаңы- Талап», 110/35/10 «Ала-Тоо», 110/35/10 «Жетиген», 110/10 «Кочкор», 220/110/10 «Ак-Кыя» жана 197,8 км ВЛ 110 кВ.

Мындан тышкары ишкананын кызматтык-тиричилик мекемелерин, ишкананын унаа каражаттарын капиталдык жана күндөлүк оңдоолор жүргүзүлгөн.

Бул иш-чаралар Нарын облусундагы электр жаатындагы кемчиликтерди жою, жарандарды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий