• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Нарында айыл чарба багытындагы кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу колго алынууда

Аймак 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө айыл аймактарына кайра иштетүүчү айыл чарба ишканаларын ачуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, райондордун акимдери жана биринчи орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү жана финансы башкармалыктарынын башчылары, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фондунун жана JSR компаниясынын өкүлдөрү, Ат-Башы, Баетов, Байзак, Ормон-Хан, Мин-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчылары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, дыйкан-фермерлер катышты.

Адыл Сапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тарабынан айыл чарба багытындагы сырьёлорду кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу тапшырмасы коюлганын белгилеп, 1-декабрга чейин Нарын облусунун 5 районуна 5 ишкана ачууну акимдерге, айыл өкмөт башчыларына милдеттендирди.

Иш чарада "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фондунун жана "JSR" компаниясынын өкүлдөрү тарабынан сафлор майын өндүрүүчү, койдун уяң жүнүн жана терилерди кайра иштетүүчү жана башка цехтердин жабдууларын каяктан, кантип алып келүү боюнча кенен маалыматтар, кеп-кеңештер берилди.

Семинардын алкагында "Миң-Булак муниципалдык курулуш ишканасынын" ишмердүүлүгү тааныштырылды.

Пикир

Оставить комментарий