• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Нарында айыл өкмөткө оор техника сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Нарында айыл өкмөттүн балансына оор техника сатып алууда мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун прокуратурасы тарабынан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы текшерилди.

Анда Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып же болбосо башка адамга пайда артыкчылык алуу максатында, айыл өкмөттүн балансына сатып алынып жаткан жүк жүктөөчү атайын оор техника кабыл алынбагандыгына карабастан, подрядчынын банктык эсебине 4 млн 930 миң сом акчаны мыйзамсыз которуп, бүгүнкү күнгө чейин жогоруда белгиленген техника сатып алынбаганы же болбосо акча каражаттары артка кайтарылбагандыгы аныкталган.

Натыйжада, мамлекетке жалпысынан 4 млн 930 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Нарын ОИИБнын Тергөө кызматына тапшырылды.

Бул ишке болгон кошумча зыянды жана бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тыкыр тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иллюстративдик сүрөт

Пикир

Оставить комментарий