• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Азимбек Бекназаров эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров эки айга камакка алынды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 24-октябрдагы токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өтүнүчү канааттандырылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 36 жана 278-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталып жаткан Азимбек Бекназаровго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2022-жылдын 23-декабрь күнүнө чейин тандалды. Ал Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий