Бишкек, 22.11.17. /Кабар/. Нарын шаарынын Орозбаков көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ичиндеги труба жарылып, суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя 20-ноябрда болжол менен саат 11:50 чамасында болгон.
“Окуя болгон жерге №16 аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнүн куткаруучулары барган. Базарга куткаруучулар жеткиче суу токтотулган”,-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий