• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Нарында бир күндө үч жаңы объекти ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн, Нарын облусунда Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз таза суу системасы, Он-Арча ФАП, Жаңы-Жол айылындагы таза суу системасы объекттилери салтанаттуу ачылды.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган объекттилердин ачылыш аземине облустун администрация башчысы Алтынбек Эргешов жана тиешелүү жетекчилер катышты.

Эргешов таза суу долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган АРИС уюмунун өкүлдөрүнө, курулуш ишканаларына терең ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундарды курулуп берилген обьектини сарамжалдуу пайдаланууга, таза суунун тарифтерине туура мамиле кылууга чакырды.

Ошондой эле өлкөдө, облуста жасалып жаткан ийгиликтүү кадамдарга, алдыдагы пландарга токтолду.


Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 обьектини ишке берүү тапшырмасы коюлуп, 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата республика боюнча 128 обьект ачылган. Анын ичинде 10 обьект Нарын облусунда ишке берилген.

Пикир

Оставить комментарий