• 87
  • 90.43
  • 0.88

Нарында фестивалда мыкты шырдактар аныкталды – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Нарын шаарында өтүп жаткан “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалынын алкагында мыкты шырдактар ​​аныкталды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кароо-сынакка 230дан ашык шырдак коюлган.

"Мурас шырдагы" номина­циясы боюнча баш байге Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калы­ковага ыйгарылды. Ал кайынэнеси 1933-жылы жасаган шырдакты 90 жылдан бери сакта­гандыгы үчүн 30 миң сом байгеге ээ болду.

Ал эми "Инновациялык шырдак" номинациясын­а Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Нурай Эсенкано­ванын чакмак шы­рдагы татыктуу деп табылып, 40 миң сом ыйгарылды.

"Мыкты шырдак" деп Кочкор ра­йонунан келген уз Сайкал Ниязованын шырдагы бааланып, 50 миң сом байге алды.

Мындан тышкары, "Мыкты ала кийиз" номинация­сында Талас облусу­нан келген уз Кымбат Байматованын кол эм­геги жеңүүчү деп табылып 12 миң сом байге берилди. Тандалган эмгектер өлкөнүн музейлерине коюлмакчы.

Ошондой эле ондон ашык кол өнөрчүлөрг­ө 1 миң сомдон 10 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Фестивалдын жалпы байге фонду 300 миң сомду түзүп, бул каражатты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каржылады. Мындан сырткары, Соода-өнөр-жай палатасы 40 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий