Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында 1-майда болжол менен саат 19:47де жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий