• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмокто дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Назим Жакшыбаева изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Токмокто дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Назим Жакшыбаева изделүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 18-мартта милицияга 70 жаштагы О.А., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 16 жаштагы кызы Назим Жакшыбаева 17-мартта саат 15:30дар чамасында үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Белгилери: бою 150-155 см, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң, чачы кара жана узун.

Кийими: көк түстөгү шым, куртка жана бут кийими кара түстө.

“Назим Жакшыбаеванын жургөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болгондор (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-73-63, 0501 900-065 номерлерине кабарлап коюңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий