Нарында көчмө мобилдик клиника жарандарды акысыз текшере баштады

Аймак 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Нарында көчмө мобилдик клиника жарандарды акысыз текшере баштады. бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алыскы аймактардагы калкка акысыз медициналык жардам көрсөтүү президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген. Учурда мобилдик көчмө клиника Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында орнотулуп, 17-июндан баштап кызмат көрсөтө баштады.

Бүгүн президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов мобилдик клиниканын ишинен жеринде кабар алып, кем-карчын, ал-абалын сурап, жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелерде колдоо көрсөтүлүп тураарын айтты.

Клиниканын жайгашуусу үчүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун жетекчилиги менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жери дайындалып, свети, суусу тартылып, 400 миң сом өлчөмүндөгү каражатка бардык ыңгайлуу шарттары түзүлүп берилген.

Белгилей кетсек, Падыша Абдулла атындагы мобилдик көчмө клиника КР өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин алкагында республиканын аймактарын кыдырып, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте калкка кызмат көрсөтүүдө.

Мобилдик клиника август айынын аягына чейин Нарын облусун калкына акысыз медициналык жардам көрсөтүп, бейтаптарга диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана дарылайт. Ошондой эле пландуу түрдө жалпы хирургиялык чоң эмес операциялар жасалат. Терапевт, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, офтольмолог, ЛОР, стоматолог жана гастроэнтеролог дарыгерлери акысыз кызмат көрсөтүшөт.

Клиника компьтердик томограф, рентген, маммограф, УЗИ, лаборатория, гастроскопия жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган. Ошондой эле клиниканын мобилдүү автоунаалары менен алыскы аймактардагы калкты ташып келип дарыгерлерге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Нарын районунун калкына кароо жүргүзүлүп бүткөндөн кийин график менен башка райондордун элине медициналык кароо жүргүзүлө баштайт.

Иштөө графиги дүйшөмбү-ишемби күндөрү эртең мененки саат 8:30дан кечки 17:30 чейин, жекшемби күнү эс алуу күнү болот. Түшкү тыныгуу 13:00-14:00 чейин.

Эскертүү:

  • көрүнүүгө келген бейтаптар атайын түзүлгөн графике ылайык тизме менен келүүсү зарыл;
  • кош бойлуу жана бала эмизген бейтаптар көрүлбөйт, 14 жашка чейинки балдар кабыл алынбайт, ыкчам түрдөгү операциялар жасалбайт.

Пикир

Оставить комментарий