• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМКнын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Аталган бөлүмдүн жаңы имараты заманбап жабдуулар менен толук жабдылып, өлкө коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Өз кезегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бөлүмдүн кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги аймактык бүтүндүктү, улуттар аралык биримдикти жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жаатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларды мындан ары да улантаарын белгиледи.

Ошондой эле төрага коопсуздук кызматкерлери Ата мекенге ак дилден кызмат кылып, уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, терроризмге, диний экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө натыйжалуу иштерди камсыз кылаарын кошумчалады.

"УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иш-чараларынын артыкчылыктуу милдети катары жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарыл. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча мындай мекемелердин ишин токтотуу тапшырмасы берилди", - деди ал.

Өз учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат келип түшсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан четтетилээри айтылды.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир приоритеттүү милдети болуп, коррупциялык иштерге активдүү катыштыгы бар Фемида өкүлдөрү жана сот системасындагы паракорчулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады.

Буга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий