• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери октябрдын соңунда аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Нарын электр тармактар ишканасы 35 киловольт жана андан жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары менен көмөк чордондорду кышкы мезгилге даярдоо боюнча ремонт иштерин ушул айдын аягында толугу менен аяктайт.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аймакта электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында бир катар көлөмдүү иштер аткарылды:

  • 35 киловольттук подстанциялардагы ПСНди жаңы өчүргүчтөргө алмаштыруу;
  • 35 киловольттук подстанциялардын күчтүк трансформаторлорун оңдоо, жалпысынан 51 көмөк чордон учурдагы, ал эми 40 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өттү.
  • 110-220 киловольттук аба чубалгыларында анкердик тирөөчтөрүнүн шлейфтерине кошумча шунттарды орнотуу;
  • эскирген фарфор изоляторлорду жаңы айнек изоляторлорго алмаштыруу, жалпысынан 9370 даана изолятор, 2013,03 чакырым аба чубалгы оңдоодон өттү.

Белгиленгендей, бул иштердин натыйжасында Нарын облусунун тургундары үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болушат.

Пикир

Оставить комментарий