• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ошто "Алай" футболдук клубунун жаңы машыгуучу аянтчасынын курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Күн мурун, 28-январда Ош шаарынын мэри - "Алай" футбол клубунун президенти Алмаз Мамбетов келечекте футбол академиясын ачууга негиз боло турган жаңы машыгуу аянтчасынын курулушу менен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда жаңы дренаждык системаны төшөө иштери жүрүп, эскилиги жеткен тосмолордун ордуна металл конструкциялардан турган тосмолорду орнотуу иштери башталды.

"Алай" футболдук клубунун директору Улан Алымкановдун айтымында, аянтты реконструкциялоо жумуштарын март айынын башына чейин бүтүрүү пландалууда.

Аянтчаны оңдоп-түзөө иштери Ош шаарынын мэриясынын, Футбол федерациясынын колдоосу жана донорлордун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Мэр курулуштун сапатына тыкыр көңүл бурууну жана белгиленген убакытта бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий