Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Нарын шаарында облус башчысынын жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Майрамга облус аймагынан окууда, спортто ийгиликке жетишкен, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, томолой жетим жана майыптыгы бар 260 бала катышты.
Салтанатка катышкан президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу облус башчынын атынан балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырды.
Балдар үчүн жаңы жылдык майрамды уюштурууга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан жалпы 570 миң сом бөлүндү.
Мындан сырткары, жер-жерлерде балаты майрамы өтүп жатат. Жергиликтүү бийликтердин резервдик фонддорунан жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен облус боюнча жалпы 3000 ашык белек даярдалып, балдарга берилип жатат.
Пикир
Оставить комментарий