• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Эртең Оштун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ берүү токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Эртең, 1-июлда Оштун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ берүү токтотулат.

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” ишканасы билдиргендей, Курманжан Датка, Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы 426 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусу аныктап, газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү даректерде газ жок болот: Курманжан Датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Давыдов, Ленин көчөлөрү.

Ишкана шаар тургундарын ушул мезгил аралыгында газ жабдууларын колдонбоону жана күйгүзүп калтырбоону, газ жабдууларды өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий