Нарында "Санарип клиника" долбоорун ишке киргизүү аракети көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Нарында Кыргызстанда биринчилерден болуп "жасалма интеллект" программасынын жардамы менен "Санариптик клиника" долбоорун ишке киргизүү аракеттери көрүлүүдө.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган долбоор ишке ашса ооруларды алдын алууга, алдын ала диагноз коюуга жана сапаттуу дарылоого чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов баштаган жумушчу топ бул маселенин үстүндө абдан жигердүү аракеттенүүдө.

Компьютер илиминин жетишкендиги болуп саналган "жасалма интеллект" программаларын медицина тармагында колдонуу дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөрдө, ал тургай коңшу Казакстан мамлекетинде тажрыйбаланып, медициналык кызмат көрсөтүүнун сапатын жакшыртууда, ооруларды алдын алууда жана туура дарылоодо жакшы натыйжаларын берип жатат.

Бул боюнча АКШ жана Казакстанда иш алып барып жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Алтынбек Эргешов белгилегендей, өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери жана Нарындагы медицина тармагынын жетекчилери катышкан онлайн форматындагы жолугушууларда "жасалма интеллект" программасын Нарын облусунун медицина тармагына киргизүүнүн жолдору каралып жатат. Буюрса жакынкы күндөрдө бул программанын жардамы менен ооруларды алдын ала аныктоо, профилактика, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү жолго коюлаары күтүлүүдө.

Ошондой эле облус башчысы АКШда ушул тармакта иш алып барган кыргыз жарандары менен баарлашуу учурунда АКШнын штаттары менен Нарын облусунун ортосунда кызматташтык алака түзүү, медицина тармагы боюнча тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу, Нарынга гранттык долбоорлорду тартуу боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий