• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Нарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери окутуудан өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери окутуудан өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Окутуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен айыл өкмөттөрүнүн, мэриянын кызматкерлеринин калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына тез арада чечим кабыл алып жооп берүүсүн, жергиликтүү маселелерди чечүүдө бирдиктүү мамиле түзүүнү, бийлик бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында уюштурулган.

Иш-чараны президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров ачып, мындай окутуу иш чарасы бүгүнкү күндө абдан зарыл экенин белгиледи.

Окутууларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик кадр кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий