• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Нарындагы таштанды иргөөчү комплекске 50 миң долларлык жабдуулар сатып алынат

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Нарында шаарындагы таштанды иргөөчү комплекске 50 миң долларга жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Accelerate Prosperity компаниясынан билдиришти.

Тендер Accelerate Prosperity акселератору тарабынан шаар тургундарынын арасында уюштурулууда. Нарын туруктуулук программасынын (НРРП) алкагында эң ылайыктуу бизнес-планды табуу үчүн арыздарды тандалат.

Тендерге Нарын шаарында юридикалык каттоосу, 2 жылдан кем эмес бизнес тажрыйбасы бар жана долбоорго каржылык инвестиция салууга даяр ишкерлер катыша алышат. Тандоо процессинен кийин эң ылайыктуу бизнес-планга аталган комплекс үчүн 50 миң долларга чейинки суммага жабдууларды сатып алууга техникалык колдоо көрсөтөт.

Арыздар 15-июлга чейин кабыл алынат. Тиешелүү маалыматтарды бул шилтеме аркылуу алууга болот. Ал эми 17-июлда Нарын шаарында арыздардын негизинде түзүлгөн бизнес-пландардын квалификациялык кастинги өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий