• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарындагы жаңы оорукананын курулуш иштеринин даярдыгы 44%ды түзөт - Мамкурулуш агенттиги

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Нарын шаарындагы эксперименттик тез тургузулган жаңы жугуштуу оорукананын курулуш иштеринин даярдыгы 44%ды түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө объект боюнча пайдубалдын чуңкурларын казуу, шагыл-кум аралаш топурак менен түздөп, таптоо жумуштары, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабууларын орнотуусу 100%га бүткөрүлгөн. Учурда фермаларды жана имараттын темир тирөөчтөрүн орнотуу иштери, пеноблок менен дубалдарды тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда", - деп билдирет агенттик.

Бардыгы болуп курулуш иштерине 76 жумушчу жана 7 атайын техника тартылган.

"Белгилей кетсек, аянты 2 миң 19 чарчы метр болгон 70 орундуу оорукананын курулушуна "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" тарабынан 36 млн сом бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий