• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Нарындагы жолдорду өз убагында колдонууга берүү талабы коюлду

Аймак 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Нарындагы жолдорду өз убагында колдонууга берүү талабы коюлду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев Нарын облусуна иш сапары менен барып, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын Нарын облусундагы Жол тейлөө ишканаларынын ишмердүүлүгүн жеринен көрдү. Иш сапардын алкагында Бишкек - Нарын- Т оругарт унаа жолун тейлеген ишканаларга кышка даярдыкты толуктап, жол тейлөөгө керектүү техникаларды оңдоп, ишке киргизүү керектигин айтты.

Мындан тышкары, ушул жылдын курулуш мезгилинде пландалган жол куруу иштерин өз убагында аткарып колдонууга беришин талап кылды.

Иш сапардын жыйынтыгында Талантбек Солтобаев Нарын облусундагы эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду күз-кыш мезгилинде кароону күчөтүп, инерттик материалдарды өз убагында чачуу, элге үзгүлтүксүз каттоону камсыз кылуу тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий