• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда Сүлүктү шаарында аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат. Ага Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы күч түзүмдөрүнүн командалары катышууда.

Чемпионатты УКМКнын Чек ара кызматы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Аскердик кармашып урушуу федерациясы менен биргеликте өткөрүүдө.

Белгиленгендей, спорттук иш-чаранын максаты акердик окуунун эң негизги элементтеринин бири болуп эсептелген аскер кызматчыларынын спорттук чеберчилигин арттыруу, дене тарбияны жана күжүрмөн даярдыкты жакшыртуу болуп саналат.

Мелдеш эртең, 8-сентябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий